Казакстанда кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары барбы? Министрлик тактап жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалгандардын арасында Кыргыз жарандарынын бардыгы тууралуу маалыматты тактап жатат. Азырынча аталган министрликке эч кандай маалымат келип түшө электигин билдиришти.

Буга чейин коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен башаламандыктын жүрүшүндө 4 миңден ашуун жаран кармалганын жана алардын арасында чет өлкөлүктөр бар экенин маалымдашкан. Бирок кайсы мамлекеттин жарандары экендиги тууралуу айтылган эмес.