Жалал-Абад облусунун Казарман шаарында 26 жаштагы кызга таенеси тарабынан зомбулук көрсөтүлүп жатканын бүгүн, 8-февралда СЕРЕП МЕДИА агенттигине адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Анын айтымында, ага Алтынбек аттуу жаран кайрылып, карындашы Аселге жардам берүүнү суранган.
«Алтынбек алардын ата-энелери кичинекей кезинде эле каза болгонун айтты. Ушуга байланыштуу алар таята, таенесинин колунда тарбияланган. 26 жаштагы Асел төрөлгөндөн бери буту кыймылдабайт, майып. Учурда кыз таята, таенеси менен жашоону улантууда. Ал эми Алтынбек Бишкекте, ал курулушта иштейт», — деди жактоочу.
Жактоочу агасы карындашын алып кетмекчи болгонун, бирок таенеси аны жибербей койгонун айтты.
«Мен аны менен [карындашымды] сүйлөшүү үчүн телефон чалам, бирок ал мени менен сүйлөшүүдөн коркот», — деди Алтынбек.
Мындан тышкары Алтынбек анын карындашы жакындары тарабынан кол көтөрүүгө дуушар болорун айтты.
«Эгерде агасы карындашын ала албай калса, анда аны социалдык мекеме туугандарынан алып кетишин каалайт. Ошондой эле ал Ички иштер министрлигине арыз жазган», — деди адвокат.












