SerepTV Logo

Кажы-Сайда уран өндүрүшүнөн калган имараттар рекультивацияланат

Кажы-Сайда уран өндүрүшүнөн калган имараттар рекультивацияланат
 
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон кезектеги иш сапарында Кажы-Сай айылындагы уран өндүрүшүнөн калган имараттарды, шахта жана радиоактивдүү күл төгүндүлөрдү рекультивациялоо үчүн даярдык жумуштарын жерине барып кабар алды.

Министр Орусиянын Росатом мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайдын айланасын толугу менен зыянсыздандыруу маселесин талкуулашты. 2019-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасынын алкагында Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайда рекультивациялоо жумуштары бүткөрүлгөн. Эми алдыда аймакта совет мезгилиндеги уран өндүрүшүнөн калган имараттарды демонтаждоо, радиоактивдүү күл төгүндүлөрду коопсуз жайга көчүрүү боюнча иши турат.

Канатбек Чыныбаев бул ишти аткарып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаментинин кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берип, рекультивациялоо ишин сапаттуу жүргүзүүгө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Тоң районундагы Кажы-Сай айылынын тургундарынын коопсуз келечеги жана туризмди өнүктүрүүдө рекультивациялоо жумушу маанилүү болуп саналат.

SEREP MEDIA