«Келбесеңиз, күч менен алып келебиз». Депутат Токторбаев ИИМге да суракка чакыртылганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына суракка чакырылганын бүгүн, 2-декабрда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Ал Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановго кайрылып, мурда ММК (ФОМС) фонду өкмөттүн карамагында болсо, азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында экенин эске салып, министрге баш ийе турганын айтып, ал жерде көзөмөл жүргүзө албасын белгиледи. «Бул ачык эле коррупция. Сиз аталган министрликти текшерген убакта, сиздин арыз жазып жумуштан кете берүүңүздү айтышат», — деди ал.

Ал ошондой эле буга чейинки суракка чакырылуусун айтып, шайлоочулардын талабы айтылса эле, суракка чакыртылып жатканын билдирди. «Бүгүн Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан чалып, келбесеңиз, анда күч менен алып келебиз деп жатышат», — деди депутат.