Мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаева социалдык тармактагы баракчасында пост жазып, сүрөтү менен бөлүшкөн. Ал сүрөттөгү келбети ушул боюнча калбарын, алдыда дагы операциялар жасаларын билдирди.
«Келбетим боюнча ар кандай суроолор жана нааразычылык каттар келип жатат. «Эмне үчүн начар жасап койгон, мурдун мультик кылып коюптур. Кыргызстандын хирург-врачтары операция кылып берип койсо болмок» деп жатышат. Туугандар, бул операциянын башталышы. Алдыда көп оңдоо-түзөө операциялары болот жана Кыргызстандын эң кыйын хирургу өз көзөмөлүнө алган. Келбетим ушул боюнча калбайт. Буюрса, сиздер менен жыйынтыгын бөлүшкөн күндү насип кылсын»,- деп жазды ал. 












