Соцтармакта Бишкектеги кафелердин биринде самсаны аралап жүргөн келемиш тартылган видео тараган.
3-июлда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жогорудагы видео боюнча маалымат таратып, «Рахат лукум» кафеси тамак-аштын үстүндө келемиш жүргөнү жана санитардык эрежелерди бузганы үчүн жабылганын билдирген.
Социалдык тармактарда ошол эле кафеде тартылган видео тарады. Анда келемиштердин ордунда мышык жүргөнүн көрүүгө болот. «Кечээ эле келемиш жүрдү эле, бүгүн мышык. Булар келемишти ушинтип кармап жатышабы?» деп суроо салат колдонуучу.