Кемин районунун акими Алайбек Жумаевдин атынан жаңыдан эмгек жолуна аттанып жаткан жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аталган райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-августта август кеңешмеси болуп өткөн. Ага 300гө жакын мугалимдер, тарбиячылар катышкан.
«Иш-чаранын соңунда келип түшкѳн сунуш-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынып, тиешелүү тараптарга аткарууга жөнөтүлдү. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Жаңы окуу окуу жылга мыкты даярдыктагы мектеп» номинациясында Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле райондун акими Алайбек Жумаевдин атынан жаңыдан эмгек жолуна аттанып жаткан жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.