Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин мүчөлөрү үйүндө тинтүү жүрүп жатканын кабарлашууда

Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин мүчөлөрү үйүндө тинтүү жүрүп жатканын кабарлашууда. Соцтармактагы баракчаларына бүгүн, 23-октябрда таңкы убакытта үйүнө милиция кызматкерлери келгенин экс-депутат Равшан Жээнбеков, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев, мурдагы губернатор Бектур Асанов, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу, жарандык активист Али Шабдан билдиришти. Жактоочу Чынара Жакупбекованын айтымында, милиция кызматкерлери Клара Сооронкулованын баласынын компьютерин да алып кетишүүдө. «Соттук чечими да жок. Кылмыш иши бүгүн эртең менен козголгонун айтышууда», — деп жазат жактоочу.

Айрымдары кармалып, ИИМге алынып кетип жатышкандыгын айтышууда.

Жогорудагы аталгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүшүнө каршы болуп жатышкан.