УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту. Ал жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат берди.
«Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча толук айтып берейин. «Кемпир-Абадды берип жиберди, сатып жиберди» деп калп сөздөрдү чыгарышты. «Кемпир-Абадды берип, акча алышты» дешти. Бети жоктук сөздөрдү айтышты. Кемпир-Абадды бетине жаап, туура эмес иштерди кылабыз деген 24 адам камалган. Алардын ондон ашыгы Кемпир-Абадды көргөн эмес. Аларга карабастан бул жерди бүтүрдүк«,- деди ал.








