Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу 12-июлда онлайн түрдө башталат

Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу онлайн түрдө 12-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 12-июлдан 18-июлга чейин жүрөт. Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин КООЖдо (кесиптик орто окуу жайлары) окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур

Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 27-июлдан 3-августка чейин уланат. Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин КООЖдо окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур

Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 12-августтан 19-августка чейин жүрөт. Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин КООЖдо окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.