Кичи автобустар Go Bus автобусунун Бишкек-Каракол каттамына тоскоолдук жаратты

Кичи автобустар Go Bus автобусунун Бишкек-Каракол каттамына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Маалыматка караганда, 27-декабрда саат 10:00дө Караколго Бишкектен автобус чыкмак. Саат 09:50гө карата 50 киши менен жолго чыкканда ага тоскоолдук жаралган. Тактап айтканда, Фрунзе көчөсү менен Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосунда автобус №501 каттамдагы айдоочулар менен токтотулган. Ушундай эле көрүнүш Караколдо да катталганы маалым болду. 

Долбоорду ишке киргизген Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы Kaktus.media агенттигине билдиргендей, бир күн мурун жолго биринчи чыккан автобус мамлекеттик кызматкерлер тарабынан 4 жолу токтотулуп, бардык уруксат кагаздары, анын ичинде камсыздандыруу, келишимдер жана жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат бар экендиги текшерилгенден кийин Транспорт министрлиги жана транспорт инспекциясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өткөнүн билдиришкен.