«Кичинекей баламды өлүкканада кескилешти». Аквапаркта көз жумган баланын апасы күнөөлүүлөрдү жазалоону суранды

«Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен баланын апасы Асел Акылбек кызы кайрылуу жасады. Ал 3-класстын окуучусу болгон уулунун өлүмүнө тиешеси барлардын баарын жазалоону өтүндү. Видеону Фейсбуктагы баракчасына Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова жарыялады.

«Бул иш-чараны уюштурган, балдардын коопсуздугуна жооптуу болгондордун баары жазаланышын каалайм. Анткени баламды өлүкканага алып барышканда соттук-медициналык экспертизадан өтүш керек дешти. Бул тергөөгө керек дешти. Ошондуктан, менин кичинекей, бейкүнөө баламды кескилешти. Анан сөөктү мага ошол абалда алып келишти. Баардыгы бүтүп, баары жазаланышын каалайм. Ошол күнү кайсы күзөтчү иштеди? Анын кандай милдеттери бар эле, уулум жардам сурап, өлүп жаткан учурда эмне кылышы керек эле? Мен баламды жоготтум», — деди маркумдун апасы.