«Кичинекей Брюс Ли» атыккан Нурмухаммедди Гиннесс рекорддор китебине киргизүү пландалууда

Азамат Жаманкулов “Кичинекей Брюс Ли” Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн, 5-июлда Маданият министри Азамат Жаманкулов белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту. Анда бала нунчак менен теннис ойногон шамдагай трюктарын Гиннесстин рекорддор китебине каттоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп, министр аны иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү жардамды бере тургандыгын маалымдады. Дени сак жашоо жана спорттун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн Нурмухаммед Ташмаматовго Маданият министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

12 жаштагы Нурмухаммед Ташмаматовду 3 жашынан баштап өз атасы машыктырып, 4 жашында спорт залга барып, спорт дүйнөсүнө киришкен. 2017-жылы Москва шаарында «Лучше всех » көсөтүүсүнө катышып, Брюс Линин атактуу «Игра смерти» тасмасындагы трюктарын аткарып биринчи ийгилигин багындырган. 2018-жылы Украинанын Киев шаарында өткөн «Круче всех» теледолбооруна, андан сырткары Москва шаарында өткөн «Синяя птица» теледолбооруна, Казакстанда өткөн «Central Asia`s got talent” долбооруна атайын чакыруу менен барып, өнөрүн тартуулап келген. 2020-жылы эл аралык «ИнтерРекорддо» 42 жолу теннистик топту нунчактын жардамы менен уруп, дүйнөлүк онлайн рекорд, 2021-жылы 49 жолу нунчак менен теннис ойноп жаңы рекорд орнотуп, 2022-жылы 63 жолу нунчак таякчалары менен теннистик шарикти уруп 3-жолку рекордун бекемдеген.