Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту.
Өз сөзүндө ал дүйнөнүн туш тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берээрин, аны менен туризм тармагы өнүгөөрүн билдирди. “Ушундай коноктордун Кыргызстанга келип, тоолуу аймактарыбызды, жайлоолорубузду, керемет жерлерибизди көрүп бүт дүйнө жүзүнө таанытат. Муну менен чоң жарнама кылып берип жатат, биз өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек”, — деди ал.