Ырчы Клара Алибекованын апасы Орозбүбү Алибекова көз жумду. Бул тууралуу ырчы айымдын уулу соцтармактагы баракчасына жазды.
”Жок дегенде, менин тоюмдун төрүндө болуп, батаңызды берип отурсаңыз, кандай жакшы болмок. Апа (таенесин апа деп чоңойгон), мен сизге ыраазымын, кыркымды чыгарып эле алып кеткен экенсиз. Мына зыңкыйтып, тарбия берип, ушул даражага жеткирдиңиз эле го. Миң ыйласам да сиздей алтын адамды таппайм. Кошуңуз апа, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун”, — деп жазды ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Клара Алибекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.












