«Клооп» парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Уюмдарынын бири аккредитациядан өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн «Коомар Медиа» коомдук фондун каттады. Мындай чечимди БШК мүчөлөрү 18-ноябрда кабыл алды.

Бул «Клооп» парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт дегенди түшүндүрөт. «Коомар Медиа» коомдук фонду — «Клооптун» тутумуна кирген уюмдардын бири. Бирок «Коомардын» каттоодон өткөнү «Клооп» басылмасынын өзөгүн түзгөн «Клооп Медиа» коомдук фондуна шайлоого байкоо жүргүзүүгө тыюу салган чечим жокко чыкты дегенди билдирбейт.

«Клоопко» парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө тыюу салынганы тууралуу 8-ноябрда БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеевдин колу коюлган каттан улам белгилүү болгон.