«Колбаса менен сырды күндө жешеби?». Камчыбек Ташиев жоокерлердин тамагын текшерди (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жоокерлердин тамагын текшерди. Ал жоокерлер менен чогуу тамактанып отуруп, алардан «колбаса менен сырды күндө жейсиңерби?» деп сурады.

Ага жоокерлердин күндө эртең мененки тамакка 30 грамм колбаса, 20 грамм сыр жей турганын айтышты. Ал столдун үстүндө турган тамактарды көрсөтүп, «булар дайыма эле коюлабы, коркпой эле айта бергиле» деди. УКМКнын төрагасы бул жерге чындыкты билейин деп барганын айтты.