«Колуна тийгени менен уруп жатты». Кезинде Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен аял кантип качып чыкканын айтып берди

Бул жолку каарманыбыз кезинде Казакстанга тамеки талаасына иштегени барып, кулчулукка сатылып кеткенин айтат. Ал өз маегинде дал ошол түйшүк тарткан күндөрүн эстеп, башынан өткөргөн кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. Назира Чотубаеванын баянын видеодон көрүңүз.

Ал аны Кыргызстандан кыргыз балдар чогултуп, Казакстанга барып сатып ийгенин, ал жерде баргандардын баарынын документтерин чогултуп алып, ишке салганын айтты.

«Ээси айткан жумуштарды кыла баштадык. Үй жумуштары, талаадагы тамеки. Кечке эле макарон жеп жаттык. Ошентип күндөр өтө берди. Кыздар отуруп алып, «качалы» деп сүйлөшөбүз. Мен эң улуусу болуп, «биз тамеки бакканы келдик, башка жумуш кылбайбыз» деп айттым. Мени кубалап, колуна тийгени менен уруп жатты. Ошентип бир түнү качып кеттик. Таң аткыча бастык. Таң атканда талаада кыргыз балдар иштеп жатышыптыр. Аларга чоо-жайыбызды түшүндүрдүк. Бирок куру кол кеткенден уялдык. Ошол жерде иштедик. Анан Кыргызстанга келдик», — деди ал.