Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Коопсуз шаар» системасы 740 кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөттү

10:08 27.03.2021
0
«Коопсуз шаар» системасы 740 кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөттү

Азыркы убакта Кыргызстандын аймагында 90 стационардык аппараттык-программалык комплекс бар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында аппараттык-программалык комплекстер унаа көп жүрө турган 38 көчөнүн кесилишине жана  жогорку ылдамдыкта айдашы мүмкүн делген 4 тилкеде орнотулган. Ал эми Чүй облусунун аймагында 48 жол тилкеси ылдамдыкты бузуу фактыларын каттаган стационардык комплекс менен жабдылган.

Мындан тышкары 20 мобилдик аппараттык-программалык камсыздоо тутуму Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жолдорунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан бекитилген жайгашуу карталарынын негизинде иштейт.

Аппараттык-программалык комплекс орнотулган жерлерде жол кырсыктары Бишкек шаарында 52%га, Чүй облусунда 70%га чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда жол кырсыгынан оор жаракат алгандардын саны кескин азайган. Кошумчалай кетсек, «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык системасы 740 кылмыштын бетин ыкчам ачууга көмөк көрсөттү.

Мамлекеттик төлөм шлюзу аркылуу бузуулар үчүн төлөнгөн айыптар Финансы министрлигинин казыналык эсебине, тактап айтканда, мамлекеттик бюджетке түшөт.

Ал эми статистикалык маалыматтарга ылайык, жол кырсыктарынын 80 пайыздан ашыгы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болот. Ушуга байланыштуу окшош көйгөйлөрдү чечүүдөгү чет өлкөлүк тажрыйба эске алынып, 2014-жылы Кыргыз Өкмөтү «Жол эрежесин бузуу фактыларын оңдоо процессин автоматтык түрдө камсыз кылган инновациялык-техникалык жабдууларды киргизүү жөнүндө» чечим кабыл алды.

«Коопсуз шаар» долбоору — жалпы жарандардын, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн кыйган жол кырсыктарын азайтууга багытталган мамлекеттик долбоор.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө чечимдерди чыгаруу, тактап айтканда, эреже бузуулар үчүн айып пул салуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабаган айдоочуларга карата алдын алуу иш-чараларынын элементи болуп саналат.

Экинчиден, бул коррупция менен күрөшүүнүн бир бутагы болуп саналат. Анткени жарандын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкери менен байланышы бир кыйла кыскарат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:57 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү....

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:20 26.03.2026
0

Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган. Элчинин постунун комментарий бөлүгүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат...

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:24 26.03.2026
0

25-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ат-Башы районундагы мал базар жана соода борбору...

Билим берүү министрлиги: «Бардык окуу китептери жаңыланат»

Билим берүү министрлиги: «Бардык окуу китептери жаңыланат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:15 26.03.2026
0

2025-жылы мамлекет тарабынан 856 548 703 сумма бөлүнүп, жалпы билим берүү уюмдарына 5 миллионго жакын нуска окуу китептери жеткирилди. Бул...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:08 26.03.2026
0

Кечээ, 25-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак району жана Манас шаарындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

11:20 26.03.2026
Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

17:00 25.03.2026
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

09:08 26.03.2026
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при турнири башталды

14:56 26.03.2026
Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

13:57 26.03.2026
Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жооп жазды

11:20 26.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү