Кордолгон 13 жаштагы кыздын атасы: «Соттун чечимине макулбуз, бирок шектүүлөрдүн жактоочуларына нааразымын»

30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын үй-бүлөсү менен байланышканыбызда, атасы соттун чечими менен макул экенин билдирди. «Соттун чечими менен макулбуз. Экөө 15 жыл, бирөө 10 жылга соттолду. Бирок айыпталуучулардын жактоочуларына нааразыбыз. Себеби, улуу кызым 2005-жылы туулган да, 2018-жылы 13 жашта болгон. «Силер ал кызыңар менен да ушиптип бирөөлөрдү айыптап, элден акча чогултуп алгансыңар» дешти. Мен ушинтип биздин аброюбузга шек келтирип жатканына нааразы болдум. Булар дагы канча карапайым элди ушинтип жатышты экен», — деди ал.

Ал ошондой эле жарандардан чогулган акча тууралуу да кеп кылды. «Ал акчаны кызымдын келечегине, окуусуна деп чогултушту. Аны окуусуна гана беришет», — деди ал.