Кордолгон кыздын атасы: «Кызымдын тишин мектепте өзүнөн улуулар сындырып коюшуптур»

Буга чейин укук коргоочу Мээрим Осмоналиева соцтармактагы баракчасына кыздын мектептеги өзүнөн улуу окуучулардан зомбулук көрүп жатканын айтып чыккан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча кыздын атасы менен байланышканда, окуя кышында болгонун айтты. «Ооба, ушундай болгон. Кышында мектепте кызымдан улуулар анын тишин сындырып коюшкан экен. Азыр жакшы», — деди ал.

30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылды.