Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 27-июнга карата Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди. Шаардагы стационарларда ачылган 3 миңге чукул орундан 58 керебет гана бош турат. Үч ооруканада бош орун жок.
Бош орундардын саны:
- Улуттук хирургия борборунда бош орундар жок.
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 2 орун;
- №2 клиникалык төрөт үйүндө 8 орун;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасында 11 орун;
- №6 шаардык клиникалык ооруканасында бош орундар жок.
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда 6 орун;
- Улуттук госпиталда 2 орун;
- Улуттук гопитал ИОВ 12 орун;
- Улуттук онкология жана гемотология борборунда 7 орун;
- Республикалык наркология борборунда 10 орун;
- Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок.