Коронавирус болуп айыккан адамдар узакка созулган кургак жөтөлгө көп кабылышат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.
«Адамдын жөтөлүүсүнүн 50гө жакын себеби бар. Бул өпкөнүн гана эмес, жүрөктүн, жада калса ашказандын оорусу болушу мүмкүн. Дарыгер ар бир учурду өз алдынча кароого тийиш. Кургак жөтөлдүн себеби какырык эмес. Мында ал болбойт. Мындай жөтөлгө бронхаларды кеңейтүүчү жөтөлгө каршы дарылар дайындалышы мүмкүн. Суюктукту (суу, чай, компот), жөтөлгө каршы таблеткаларды ичүү керек. Эгерде жөтөл жашооңузга олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратса (күчөсө, ден соолукту начарлатса) — дарыгерге кайрылууңуз зарыл», — дейт дарыгер.