Коронавирустун индиялык штаммы башка штаммдардан кандай айырмалачыгы бар экендигин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунунун директору, эпидемиолог Нурила Алтымышева СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.
“Индиялыктын башка штаммдардан айырмачылыгы ал элге бат жугат жана бат тарайт. Ал эми оорунун белгилери боюнча башкалардан айырмаланбайт. Ооруган адам вирустун кайсы түрүнө чалдыкканын тесттин жыйынтыгы аркылуу гана биле алат”, — деди Нурила Алтымышева.
Индиялык түрү бат тароочу вирус болгондуктан, эпидемиолог эл көп болгон жерлерде адамдар дайыма аралыкты жана санитардык эрежелерди сактап жүрүүсүн өтүндү.









