Коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу Кыргызстанга карантин киргизилиши мүмкүнбү?

«Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу карантин киргизүү маселеси азырынча карала элек», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова маалымат жыйында. 

Анын айтымында, коронавирустун дагы бир түрү 32 мутацияны камтыйт. «Саламаттык сактоо министрлиги профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен өлкөгө кирүү алгоритмин өзгөртүүнү карап жатат. Буга чейин акыркы 72 саатта жасалган терс ПЦР-тест менен гана кирүү мүмкүн деген чечим бар», — деди ал. 

Анын айтымында, азырынча башка чектөө чаралары каралбайт. Ал санитардык нормаларды сактоого жана эмдөө алууга чакырды.