Биринчи медициналык жардам көрсөтүү мекемелеринин жетекчилери асарында тренинг өтүп, анда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү жана анын жаңы толкунунун пайда болуу ыктымалдыгына даярдыктар талкууланды. Бул тууралуу 26-февралда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин 170 жетекчиси үчүн атайын тренинг өткөрүлдү. Тренинг «Саламаттык сактоо мекемелерин кризис шартында башкаруу: COVID-19» деген аталышта болуп, аны өткөрүүгө Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көргөздү.
Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын башкаруу жана адистерди үзгүлтүксүз окутуу долбоорун ишке ашыруу үчүн Швейцария өкмөтү жалпысынан 2 миллион франк бөлгөн.
Тренингге катышкан дарыгерлер ооруга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүшкөнүн, эгер бул ыкмаларды мурда билсе вирустун жайылышына олуттуу бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк болорун айтышты.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуккандар 86 миңден ашып, каза болгондор 1,5 миңге чамалады. Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин сан 4 миңден ашык.