Коронавирустун кийинки толкуну кайсы айга туш келет? Министрдин божомолу

Коронавирустун кийинки толкуну ноябрдын аягына, декабрга туш келет. Бул тууралуу бүгүн, 24 -сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, вирус да жашагысы келип, мутацияланып жатат. «Кыргызстанда коронавирустун индиялык штаммы кеңири таралган. Бирок жаңы түрлөр пайда болууда. Андыктан биз сунуштаган алгоритмдер сакталууга тийиш жана бошоңдоого болбойт. Билим берүү процесси башталган. Андан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Эл топтолот. Ноябрдын аягында, декабрда ооругандардын саны боюнча өсүш болот. Эгер 70 пайыз калкты эмдөөдөн өткөрсөк, алдын алууга болот», — деди Бейшеналиев.