«Кош бойлуу». Журналист Санрабия Сатыбалдиева түнү кармалып, камакка алынды (видео)

Журналист Санрабия Сатыбалдиева түнү кармалып, тергөө изоляторуна 48 саатка камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова маалымдады.

Журналист кош бойлуу жана врачтардын анын боюнан түшүп калуу коркунучу бар деген тыянагына карабастан, камакка алынган. Журналист «MIR 24» сайтында иштейт. Аталган сайттын оператору Калыс Аширбеков да суракка жеткирилген. Бүгүн, 4-ноябрда оператордун камакка алынганы маалымдалды. Ал эми кош бойлуу журналист ооруканага жеткирилди.

Укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.