«Котормосу жок». Депутат светофордун кыргызчасы кандай болоруна кызыкты

Депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМдин башчысынын орун басарына «светофор кыргызча кандай которулат?» деген суроо салды.

«Азыр анын котормосу жок. Мурдатан бери светофор деп келе жатабыз»,- деди ал.

«Демек, билбейт экенсиң. Экинчи суроо, менин кесиптештерим Бишкек жана Ош шаарларындагы тыгындарды белгилешти. Буга унаа токтоочу жайдын жоктугу себеп болууда. Бул маселени муниципалитет чечиши керек. Бирок кээ бир аймактарда светофордун ишин көзөмөлдөөгө туура келет. Маселен, Айтматов-Ахунбаев кесилишинде кошулган жакта светофордо убакыт аз болгондуктан тыгындар байкалат. Жашылдын убактысын көбөйтсөңүз болот, тыгын азаят», — деди Осмонов.

ИИМдин өкүлү бул көзөмөлгө алынып турганын айтты.