«Крокус сити холлдо» жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам: «Кыргызстанга жайында барам»

«Крокус сити холлдогу» кандуу окуяда 100дөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам Халилов блогер Адилет Ногойбаев менен жолукту.

Ал Моргенштерн ага 1 миллион рубль которгонун тастыктады. Ошондой эле өспүрүм каргаша болгон күнү адамдарга чыгуучу эшикти айтып бергенин билдирди. «Мен нес болуп калдым» деген ал Кыргызстанга 4 жылдан бери келе электигин, жайында келерин айтты.