«Крокус сити холлдогу» ок чыгаруу: 2 Кыргыз жараны жабыркады деген маалымат такталган эмес

ТИМ Москва шаарындагы элчилик менен биргеликте 22-мартта “Крокус сити холлдо” болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок. Министрлик жана Кыргыз Республикасынын элчилиги кырдаалды байкоону улантууда.