Мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаева социалдык тармактагы баракчасында пост жазды.
“Менин жеке баракчамда жок болуп кеткенимдин себеби, ушул тапта операциялар болуп жатат жана планда 3 операция бар. Планда жок дагы канча операция бар экенин билбейм. Акырындап жүзүм оңолуп, өзүмө келе баштадым, шүгүр. Бул процесс чынында жеңил өткөн жок, анткени өзүмдүн кесилген кулак-мурунду тилекке каршы сактай алган жокпуз. Азыр өзүмө-өзүм донор болуп жаткан учурум. Биринчиден, элиме алкыш айтам.
Кырсык болгон күндөн бери, биринчи айым
Айгүл Жапарова мени жана менин үй-бүлөмдү ар дайым колдоп келет. Орусиядан дарыгерлер менен сүйлөшүп, мени табыштаган Айгүл Жапаровна!
Айгүл эжени эн жөнөкөй, боорукер, адамгерчилиги жогору адам деп билем. Өзүмдүн көйгөйүм менен мени жалгыз калтырган жок!
Ушул сыноонун аркасынан көптөгөн жакшы адамдарды кезиктирдим жана элимдин айкөлдүгү, боорукерлиги мага мындан аркы жашоомо дем-күч берди”,- деп жазды ал.












