«Кумтөр» кенинин беш кесиптик кошууну (профсоюз) биригет. Бул тууралуу өткөн аптада «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилери менен беш кесиптик кошуундун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, кесиптик кошуундар эмгек жамаатына жакынкы арада беш кошуунду бир кошуунга бириктирүү боюнча чогулуш өткөрүшмөкчү. Компаниянын маалыматына ылайык, бул кызматкерлерге бирдей шарттарды түзүп берет, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын көздөгөн маселелер боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.








