Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев өзүнүн иши боюнча сот процесстерине онлайн катышууга, керек болсо Кыргызстандын тергөөчүлөрдүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын «Жаңы ордо» гезитине берген маеги жарыяланды.
«Өзүмдүн ар-намысым үчүн, президент Бакиев деген фамилиямдын тарых барактарында, элибиздин алдында таза бойдон калышы үчүн баарына даярмын. Мен чындыктан качпай турган адаммын. Мен ошол чындык, акыйкаттык дегенге азыр суусап турганымды айта кетейин. Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет. Минск шаарында резиденцияда жашап жатам. “Курманбек Салиевич, сизге момундай иш боюнча күнөөлөрдү коюп жатабыз. Эмне дейсиз?” деген адам жок. Азыркы учурда өлкө башчылары бири-бири менен жолуга алышпай, чоң жыйындарга катыша албай онлайн аркылуу сүйлөшүп жаткан учур. Биздин соттук териштирүүлөрдү Лондон сотундай өткөрө алышпайт бекен. Каалашса болмок. Лондон соту өткөрдү го. Макул дешсе кана, мен аларга ыраазы болот элем», — деген ал.