Сузакта төрөт үйү курулат. Анын капсуласын Ташиев салды

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап жаңы төрөт үйү курулат.

Бүгүн, 6-мартта аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи орун алып, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Курулуш иштерин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, толугу менен мен көзөмөлдөйм. Аймактагы элдин муктаждыгын эске алуу менен курулуш иштери ушул жылдын декабрь айында жыйынтыкталат. Төрөт үйү үчүн керектүү болгон атайын Тез жардам унааларын да камсыз кылабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Жеке ишкерлер тарабынан 270 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган, курулуш иштерин ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы колго алган. Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү аракети көрүлөт. Төрөт үйү 3 кабат болуп, заманбап жабдуулар жана эс алуу паркы менен камсыз болот. Имарат 75 орундуу болуп, аймактагы Барпы, Атабеков, Ырыс айыл өкмөттөрүнүн тургундары үчүн ыңгайлуу жерге курулууда.