Айбек Маманазаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен районундагы №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн башчысы, капитан. Ал куткаруучунун жумушчу күнү, түйшүгү жана сыймыгы тууралуу министрликтин басма сөз кызматына маек курду.
№31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгү Тажикстан менен чектешкен Самаркандек айылында жайгашкан.
— А сиз бул кесипти кандайча тандап калдыңыз эле?
— Мен бул тармакка атамдын кесиби аркылуу келип калдым. Себеби атам Абдималик Мийзамидинов да куткаруучу болуп эмгектенчү. Мектептен тарап келатканбыз. Эл көп. Өрттөнүп жаткан үй. Аңгыча атам үйдүн ичинде калып калган үй ээсин алып чыкты. Эсимде. Анын денесинин дээрлик 50 пайызы күйүк алган. Бир канча күндөн кийин атам ошол өзү куткарган киши сакайып чыккандыгын чай үстүндө айтып, кубанды. Себеби ал киши атайын бөлүккө барып, өз ыраазычылыгын айткан экен. Дал ошондон баштап куткаруучу болуу кыялы менен жашап калдым. Ошентип, мектепти аяктаган соң Казакстандан аскердик жогорку билимге ээ болуп кайттым.
— Атаңыз сыяктуу өзүңүз куткарган жаранды куткарып, кубанган алгачкы учурду эстей аласызбы?
— Сөзсүз. Ошол учурда жумушту жаңыдан баштаган кезим болчу. Сокулукта иштечүмүн. Бал жыйнаган унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түштү. Унаа бекилип калып, ичинде орус улутундагы жаран чыга албай газга ууланып калган экен. Бактыга жараша куткарууга жетишип, биринчи жардамды көрсөткөн соң тез жардам кызматына өткөрүп бердик. Өрттү өчүрдүк. Кийин ошол жаран кудум атамдын окуясындагыдай болуп жумушубузга издеп келип, ыраазычылык иретинде дасторкон жайып чай берген. Ошол убакыттан тарта экөөбүз байланышып, жакын болуп кеттик. Азыр да жолугушуп, көрүшүп турабыз.
— А бирок турмушта жалаң эле ушундай сүйүнгөн күндөр боло бербейт да?
— Ооба, кээде жумушубуздан кубанып кайтсак, кээде өкүнүп кайткан учурлар болот. Сууга аккан же автокырсыктан жабыркаган жарандар аман калса, өз бир тууганыңды куткарып калгандай сүйүнөсүң. А кээде, тескерисинче болот. Жакынын күткөн туугандарына сөөктү алып чыгуу да өтө оор. Биздин облус чек арада жайгашкандыктан, куралдуу кагылышууларда көп жоготууларга дуушар болуп жатпайбызбы? Кечээки эле акыркы окуяда аскер кызматкерлери чогуу болуп, ызылдаган октун арасында жаңы эле таанышканбыз. Он мүнөт өтпөй, ошол куралдаштардын сөөгүн алып чыктым. Бул мүнөттөрдү көкүрөктө көтөрүү өтө оор. Азап. Бир мекен үчүн жан берип, жаныбыз эл үчүн арналгандыгы баатырдык. Бирок өмүр, кызматтык милдет ушундай экен.