Балыкчы шаарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Балыкчы шаарынын аймагында мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлктүк комплекстерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында мурда УСМ-4 («Геоминвод») мүлктүк комплекси болуп саналган, 5192 чарчы метр өлчөмүндө курулуш жайгашкан жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Алсак, УКМК органдары тарабынан көрсөтүлгөн өнөр жай объекттери жана жер участоктору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттин балансынан чыгарылгандыгы аныкталган. Объекттерди жана мурдагы мамлекеттик ишкананын жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берүүгө менчик ээлери өз ыктыяры менен макул болушкан.