«Күйөөм 4 күндөн бери жок» деп издеп жүрсөм, ал башка келин менен дүкөндө жүрүптүр» дейт жалгыз бой эне

Биздин бул жолку каарманыбыз турмушта көп запкы көргөнүн айтат. Үч балалуу жалгыз бой эне учурда шаар четиндеги ным тарткан жапыз үйлөрдүн биринде турат. Нурзат Бейшееванын балдарынын уулусу 1-класста окуса, кенжеси 11 айлык. “Курбумдун инисине турмушка чыгып, бактылуу боло алган жокмун. Жолдошумду ойношу менен төшөктө кармап алгам” дейт каарманыбыз. Ал өз башынан өткөндү эстеп, айтып берди.

Анын айтымында, жолдошу экөөнү кайнежеси тааныштырган, тактап айтканда, кайнежеси учурунда келиндин курбусу болгон. Лейлекте турмушка чыгып, боюнда бар кезинде Бишкекке көчүп келишкен. 8 айлык боюнча бар кезде, жолдошун ойношу менен кармап алып, милицияга карматып, Ысык-Көлгө качып бара жатып, жолдо төрөгөн. Эгиздеринин бири чарчап калган. Ушуну менен гана тим болбостон, жолдошу келиндин көзүнө чөп салганын калтырган эмес.

«Мен кеткен соң, жолдошум байланышкан жок. Кошуналар менин кеткенимди айтышыптыр. Артымдан кайненем барды. Менде негизи ата-эне жок. Кайненем үчүн мейли деп кечирип кайра келдим. Анан Кара-Балтага мал бакканы бардык. Ээси көлдүк киши экен. 3 жыл жашадык, 2-балам төрөлдү. Ал жактан да качты. Малдын ээси келгенде 20 миң сом сурады. «Тамак-аш, кийим-кече алып келейин» десе, макул болуп, чөнтөгүнөн 20 миң сом санап берди. «Мени туруп тур» деп өзү кетти. Ошону менен телефонун да өчүрүп салды. Эртеси да келген жок. Тааныш кыз «жолдошуңузду бир кыз менен отурганын көрдүм» деди. Анан биз кыздын айткан жерине бардык. Ал жактан таппай койдук. Анан дүкөнгө кирсек эле, бизге алып бербегендин баарын сатып алыптыр. Жанында аял бар. Эмнегедир жолдошумду эмес, тиги аялды чаап салдым. Аял «мага башым бош, аялым жок деп айткан» деди. Ал жактан жолдошум басып кетти. Кайненеме чалып 4 күндөн бери жок, кыз менен кармап алдым деп айтсам, «башка күйөөгө тийип ал, баламды издебе» деди», — дейт келин.