«Төрөтканага 8-июлда келгем. Ошол эле күнү операция жолу менен төрөдүм. Мени ооруканага тааныш эже алып келди. Негизи мен ооруканага дарыгерге көрүнөйүн деп эле келгем, бирок операция жасаш керек деп алып калышты. Кыздарым жакшы экен, кечээ көрдүм. Менде баары жакшы. 3 кызым менен башынан эле квартирада турчумун. Кыздарым азыр тааныш эженин үйүндө. Паспортум даяр болду. Видеого чыккандан кийин жолдошум чалды. «Интернетте эмне кылып жүрөсүң?» дегендей кылды. Биз баары бир чогуу жашай албайбыз»,- деди ал.
Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди
Түркияда кармалган Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Түркиядан мекенине кайтып келгени, үй-бүлөсү менен учурашкан видео...






