Нарындын Эмгек-Талаа айылынын жашоочусу Урматбек Абдиевди мындан бир нече жыл мурда көчөдөн машина сүзүп кеткен. Мындан улам, ал басуу, өз алдынча кыймылдоо, угуу, көрүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калган. Каарманыбыз бара-бара оңолгону менен, азыркыга чейин өзгөчө камга муктаж экенин анын жубайы ыйлап айтып берди.
Түгөйлөрдүн ортосунда 5 бала бар. Улуусу 5-класста окуса, кичүүсү 1,5 жашта. Алар 2010-жылы баш кошушкан. 2020-жылдагы жол кырсык алардын жашоосун өзгөрткөн. Бирок бул кырсыкты алар Кудайдын сыноосу деп, «баары жакшы болот» деп келишет. 2020-жылы жолдошун унаа сүзүп кеткен. Ал башынан катуу жаракат алып, ооруканада 15 күндөй эс-учун билбей жаткан. Үйүнө чыгып келгенде аны кичүү уулу тааныбай койгон. Ал эми улуулары таң калып карап калышкан. «Жолдошум кашык кармай алчу эмес» деген жубайы аны кичинекей баладай кылып бакканын айтат.
«Кичинекей балага тамакты эзип берет го, ошондой кылып эзип, оозуна салчумун. Чайды шприц менен оозуна куйчумун. Көп ичсе чакап калчу. Анан эле карантин деп калды. Же иштебейбиз, же жолдошумду карачу киши жок. Май айында кайын журтка айылга келдик. Ийниме артып алып жүрчүмүн. Баса алчу эмес, жөргөлөчү. Ошол жөргөлөгүнө сүйүнчү. Ыйлачу, ага кошулуп мен да ыйлачумун. Сүзүп кеткенде менин 1 айлык боюмда бар экен. Анан төрөгөн соң, жолдошум экинчи бала болбоюн деп, өз алдынча боло баштады. Эки кулагы таптакыр укпай калган. Күнүмдүн жашообуз ушундай өтүп жатат», — дейт ыйлаган келин.






