«Кыздын ата-энесинен кечирим сурагам». Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим окуянын чоо-жайын айтты

Сузакта окуучу кызга кол көтөргөн информатика мугалими Мээрим Эргешбаева журналисттерге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, кол көтөрүүгө окуучу кыздын каяша айтышуусу себеп болгон.

«Күндөгүдөй эле сабагыма кирдим. Балдарды жоктоп сабак башталды. Сабактын башында эле окуучу кыз арткы партада отурчу. Телефон кармап отуруптур. Сабакка көңүл бурбай, телефонго алаксып отурду. Жанындагы бир топ окуучулар кыздын жанына үйүлүп кетишти. Мен эскертүү бердим. Укпай сүйлөй беришти. Балдарга кайрылып, «сүйлөшпөгүлө» дедим. Ал кыз мага каяша сүйлөп баштады. «Биз өзүбүз билебиз, мен сабакка кандай катышарымды өзүм билем» деди. Мен да ачууланып, «кой, антпе» дедим. Бир аз айтыштык. Сабак уланды. Биринчи партада менин кызым отурат. Окуучу кыз менин кызым жакка өтүптүр. Экөө урушуп кетишти. Кыздын үнү катуу чыкканда, мен байкап калдым. Бир топ айтышты. Анан кармана албай кызды уруп салдым. Бирок кылганым туура эмес болду. Ошол күнү эле кыздын ата-энесинен кечирим сурагам. Чечишип алганбыз. Окуу улана баштады. 3-күнү видео чыгып кетти. Окуучу видео тартып отурганын кийинчерээк байкадым, барып өчүрүүсүн сурандым. Бирок таркап кеткен экен. Мен кызыма болушкан жокмун. Кызыма «мугалимдин кызы болсоң эле, кыйын боло бересиңби?» деп айтып жүрүшкөн экен. Мен ага өзүм да күбө болгом. Мен барып, мындай болбойт деп эскерткем», — деди ал.