Энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген Доскул Бекмурзаев ооруканадан чыкты. Бул тууралуу журналисттерге президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Ал буга чейин микроинсульт алып, ооруканага жаткырылган.
Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш ишин козгоду. Маалыматта айтылгандай, министр 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга негизсиз иш сапарга жөнөтүп, мамлекетке олуттуу чыгым келтирген. Ошондой эле «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин оңдоодо кайсы бир компанияны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан. 14-сентябрда тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген.