Эгер бийлик адилетсиз болсо, андай бийлик менен күрөшүү — бул адал иш. Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Эгерде бийлик адилетсиз, коррупциялашкан болсо, андай бийликти тааныбоо, андай бийлик менен күрөшүү — бул адал иш», — деп жазды ал. Мурдагы элчи бул билдирүүсүн 3 жыл мурда жазганын жана өнүккөн өлкө болуунун рецеби дайыма актуалдуу экенин кошумчалады.