Ош шаардык мэриясы күндүн ысыгында шаардыктарга позитивдүү кам көрүүдө. Мэриянын «Тазалык» бөлүмү шаар ичиндеги көчөлөрдө бир аз болсо да салкындык жаратуу үчүн суу чачып жатышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөөрүн эскерткен. 4-июлдан 6-июлга чейин абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы; 7-8-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.