Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин музыканты, кыл кыякчы Хадима Берикбаева 75 жашында көз жумду. Бул тууралуу алып баруучу Эльмара Турсуналиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Хадима Берикбаева чыгармачылык эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Ал кыргыз аялдарынын ичинен кыл кыякты биринчилерден болуп алып чыгып, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге иштеп чыккан. Оркестрде эмгектенүү менен бирге, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда да эмгектенип, көптөгөн өнөрлүү жаштардын өсүп чыгышына салым кошкон.
Ошондой эле Хадима Берикбаева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор Жамиля Муратованын апасы.
SEREP MEDIA маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына жана кызы Жамиля Муратовага терең кайгыруу менен көңүл айтат.