SerepTV Logo

Кыргыз Эл артисти Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Кыргыз Эл артисти Тамара Жаманбаева менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт
28-сентябрда узакка созулган оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жаманбаева Тамара Кусеиновна 83 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал 1943-жылдын 14-майында Нарын шаарында туулган. Кыргыз телевидениесинин алгачкы диктору 1959-жылдан 2010-жылга чейин 51 жыл бою Мамлекеттик телерадиокомитетте үзүрлүү эмгектенген. Телевидениенин дикторунан тартып Мамлекеттик телерадио берүү комитетинин программалар директору, вице-президентине чейинки кызматтык жолду басып өткөн. Ал мамлекеттик жана аймактык телерадио берүү системасында жетекчилик кызматтарды аркалап, улуттук телевидениенин өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Тамара Жаманбаева жогорку кесипкөй тележурналистика чебери болгон. Ал улуттук телевидениенин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, кыргыз телерадио журналистикасынын тарыхында жаркын жана кайталангыс из калтырды. Ал СССРдин жана Кыргыз Республикасынын телевидение жана радиосунун отличниги болгон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамоталары, «Даңк» медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болгон. Ошондой эле бир нече китептердин автору.

Коштошуу зыйнаты 30-сентябрь күнү саат 10:00до Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
SEREP MEDIA