Abank
SerepTV Logo

Кыргыз жана тажик УКМКнын төрагалары жолугушууда сүйлөшүп жатышат. Атышуу басаңдады

Кыргыз жана тажик УКМКнын төрагалары жолугушууда сүйлөшүп жатышат. Атышуу басаңдады
УКМК маалымат таратып, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Сүйлөшүүлөргө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов катышууда. Ушуга байланыштуу атышуу басаңдап бара жатат. Ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат.