Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт
Кытай Эл Республикасында Күз ортосу майрамы жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук күнү белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт.
Кытай тараптын маалыматына ылайык, «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат:
«Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту:
- 2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;
- 2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.
«Торугарт-автожол» өткөрүү пункту:
- 2026-жылдын 25-сентябрында саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;
- 2026-жылдын 1-октябрында саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.
Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууну сунуштайт.