Кечээ, 11-апрелде саат болжол менен 18:42 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Анын күчү Алай районунун Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.










