Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кайтпас» жана «Өтүкчү» бекеттери ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул саамалык салтанаттуу түрдө белгиленип, ага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты. Эми эки өлкө жарандары «Кайтпас» жана «Өтүкчү» чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынан тоскоолдуксуз, эки өлкөнүн аймагына өтө алышат. Тагыраагы жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды.
Ушул жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында жолугуп, аталган чек ара бекеттерин ачууну макулдашкан.










